Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:22

АДАМ УКУГУН КОРГООЧУЛАР КОРГООГО МУКТАЖ


Жалалабат облусундагы «Справедливость» уюмунун өкүлдөрүнүн үстүнөн башталган сот өткөн жылдын апрель айынан бери создугуп келатат. Милициянын подполковниги уюмдун басылмасында жарыяланган макала абийир,ар-намысыма шек келтирди деп эсептесе, адам укугун коргоочулар ал айыпты четке кагууда. Алардын укугун коргоо тууралуу эл аралык уюмдар гана билдирүү таратпаса, өкмөттүк мекемелердин алар менен жумушу да жок.

«Справедливость» уюмунун басылмасына былтыр «Аялдарды, жада калса кош бойлууларды да уруп жатышат» аттуу макала чыккан. Облустук ички иштер Башкармасынын улуу тергөөчүсү Али Магеев аны абийир, ар-намысына шек келтирген макала катары кабыл алып, уюмдун үч кызматкери менен өзү тергеген аялды сотко берип, алардан 1 миллион 156 миң сом өндүрүүнү талап кылган. Тергөөчүнүн айтымында алтын уурулугу боюнча шектелген Наргиза Турдиеваны уруп-соккон эмес.

- «Справедливость» журналындагы макала абийириме тийип, туугандарым менен жакындарым психикалык жана моралдык жактан жабыркашты. Макаланы жокко чыгарган кагаздарды топтоп, тиешелүү адамдарды сотко бердим,- деген Али Магеевдин сөзү боюнча ишити текшерген прокуратура мыйзамсыздыкты тапкан эмес.

Анын арызы менен башталган сот Турдиеванын ден-соолугуна байланыштуу токтотулуп, быйыл доогер менен жоопкерлердин жоктугунан эки ирет артка жылдырылды. Адам укугун коргоочулар узакка созулган ишти алардын аракетин солгундатууга жасалган иш катары баалашууда. Басылма милициядан запкы тарткандар тууралуу көп жазгандыктан уюмдун юристи Махаматжан Абжапаровдун айтымында, Магеевдин артында адам укугун коргоочулардын оозун жабууну каалаган тармактык бийликтер турушу ыктымал. Тергөөчүнүн мыйзамсыз иштери тууралуу министрликке жиберген кайрылуу жоопсуз калган.

Адам укугун коргоочулардын укугун коргоо тууралуу эл аралык «Хьюман Райтс Уотч» уюму билдирүү таратпаса, өкмөттүк мекемелердин жумушу жок.

- Магеевдин артында анын иштеген ички иштер башкармасынын жетекчилери, министерство жетекчилери турат. Эмнеге дегенде бизге кайрылган арыздануучулар Ибрагимов, Турдуевалар боюнча материалдар толугу менен ички иштер министрлигине жөнөткөн элек. Сен муну чын эле ургансың. Жазага тартылышың керек деп статьяда көрсөтүлсө башка сөз болмок. Магеев сен ушул ишти кылдың деп айыпты койгон болот элек. Биз андай кылган жокпуз.

Наргиза Турдиева тергөөчүнүн коркутуу-үркүтүүсүнө кабылган. Айтыша кеткенде тергөөчү аны түртүп ийип, кош бойлуу келин столго барып тийген.

- Суракка барсам, Магеев сен уурусун, ИВСке алпарым камайм деп коркутуп, көкүрөгүмө түртүп жибергенде столго жармашып калдым. Коридорго чыгып, башым айланып, өзүмдү жаман сездим. Анан ооруканага жеткиришти,- дейт Наргиза Турдиева.

Тергөөчү тууралуу арыздангандар көп болгон. Макала ээси Абдымалик Шариповдун белгилешинче, басылмада милиционердин ар намысына тие турган сөздөр жок.

- Макала Наргиза менен анын күйөөсүнүн, Мамаразыков Хусан жана Халтажи деген аялдын арызына ылайык, текшерилгенден кийин конкреттүү фактылардын негизинде жазылган. Бул жерде ар намысыма тийди, шылдыңдады деген сөз болушу мүмкүн эмес,- деп айтты “Справедливость” уюмунун маалымат катчысы Абдымалик Шарипов.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG