Жалал-Абадда өспүрүмдү сабаган аял кармалды

Окуя жана кармалган аял. Жалал-Абад милициясы тараткан видеодон алынган скриншот.

Жалал-Абад облусунда 12 жаштагы өспүрүм баланы сабаган аял кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, облустун Сузак районунун Октябрь айылынын убактылуу жашоочусу, 33 жаштагы Ю.Я. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, 17-август күнү, саат 18:30 чамасында Жалал-Абад шаарындагы “Плаза” соода борборунда 12 жаштагы уулун белгисиз аял уруп-сабап салганын даттанган.

Өспүрүмдүн мээси чайкалып, Жалал-Абад облустук балдар ооруканасына жаткырылган.

Жалал-Абад шаардын ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы фактыны Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен каттап, кылмыш ишин козгогон.

Кылмышка шектүү катары Сузак районунун тургуну, 30 жаштагы А.Н. аттуу аял кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Буга чейин интернет тармактарында видеосу тарап, коомчулукта чуу жараткан. (ErN)

Дагы караңыз

Таласта Олимпиадага катышкан спортчулар сыйландыБишкекте балдардын диний лагеринин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлдуСербиялык мигранттарды ташыган кайык оодарылып, кеминде он адам каза болдуМоди Орусияны жана Украинаны тынчтык жолуна чакырдыАзербайжанда бийликти сындаган саясат талдоочу камакка алындыУКМК: Менчикке кеткен Өзгөн автобекети мамлекетке кайтарылдыРумынияда чуулгандуу блогер кайрадан камакка алындыТоңдо көл ташып, эки айылдын эли коопсуз жайга көчүрүлдүДепутат Нуржигит Кадырбеков атайын кызматтан сурактан чыкты