Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Моди Орусияны жана Украинаны тынчтык жолуна чакырды


Нарендра Моди жана Польшанын премьер-министри Дональд Туск. 2024-жылдын 22-августу.
Нарендра Моди жана Польшанын премьер-министри Дональд Туск. 2024-жылдын 22-августу.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Киевге сапары алдында Орусия менен Украинаны тынчтыкка жетүү жолун “мүмкүн болушунча тезирээк” табууга чакырды. Бүгүн 22-августта ал Польша сапары учурунда сүйлөп жатып:

"Индия бир да маселени согуш талаасында чечүү мүмкүн эмес деп бекем ишенет", - деп айтты.

Моди анын өлкөсү "тынчтык менен туруктуулукту мүмкүн болушунча тез арада калыбына келтирүү үчүн диалогду жана дипломатияны" колдой турганын кошумчалады.

23-августта Индиянын премьер-министри Украинага барат.

Быйыл июль айында Моди Москвага барып, орус президенти Владимир Путин менен жолуккан жана ал “жаңжалдарды тынчтык жолу менен жөнгө салууну” жактай турганын, Москва менен Киев ортосундагы мамилени тез арада жөнгө салууга болоруна үмүттөнөрүн билдирген. Москвадагы жолугушуу алдында украин президенти Владимир Зеленский Модинин Орусияга сапарын “көңүл калтырган, тынчтык жараянына сокку” деп атаган.

Модинин Путин менен кучак жайып учурашуусу, эки жарым жылдан бери Украинада адамдарды өлтүрүп, инфраструктураны талкалап жаткан согуштун баштоочусуна жасаган мындай мамилеси сынга кабылган.

Орусия Украинага согуш ачканы үчүн эл аралык санкцияларга кабылгандан бери Индия Кытай менен катар аны менен соода өнөктөштүгүн, айрыкча мунай сатып алуусун кеңейткен өлкөлөрдүн бирине айланган. Батыштагы өнөктөштөрдөн айырмаланып Моди Орусиянын согуш ачышын түздөн-түз айыптоодон жана Москваны сындоодон карманып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG