Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Сербиялык мигранттарды ташыган кайык оодарылып, кеминде он адам каза болду


Окуя болгон жер.
Окуя болгон жер.

Сербиядан Босния жана Герцеговинаны көздөй суу аркылуу өтүүгө аракет кылган мигранттардын кайыгы оодарылып кетип, кеминде он кишинин өмүрү кыйылганын 22-августта эки өлкөнүн өкүлдөрү билдиришти.

Кырсык бейшембиге караган түнү Дрина дарыясында болгонун, куткаруучулар аман калган, жээкке жете алган 18 кишини, алардын арасында үч баланы табышканын Сербиянын тышкы иштер министри Ивица Дачич кабарлады.

Африкадагы жана Жакынкы Чыгыштагы согуштардан жана жакырчылыктан качкан мигранттар көбүнчө Батыш Европага жетүү үчүн аларды чек арадан мыйзамсыз алып өтүүнү убада кылган аткезчилердин курмандыгына айланган окуялар көп катталат.

Босния полициясы трагедияга себепкер болгон аткезчилерди аныктоо жана кармоо аракеттери жүрүп жатканын билдирди.

Сербия Батыш Европага Балкан миграция жолу деп аталган аймакта жайгашкан өлкө. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Балкан кызматы маалымдагандай, акыркы он жылда кеминде 40 адам Дрина аркылуу өтүүгө аракет кылып жатып каза болду. (RK)

XS
SM
MD
LG