Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Таласта Олимпиадага катышкан спортчулар сыйланды


Талас. Спортчуларды сыйлоо салтанаты. 2024-жылдын 22-августу.
Талас. Спортчуларды сыйлоо салтанаты. 2024-жылдын 22-августу.

Кыргызстанда быйылкы Жайкы Олимпиадада байге алган спортчуларды куттуктоо, сый-урмат көрсөтүү уланууда. 22-августта Таластагы “Манас Ордо” улуттук комплексинде Париж олимпиадасында жеңген спортчуларга жана катышуучуларга, алардын машыктыруучуларына арналган салтанаттуу иш-чара уюштурулду.

Сыйлоо аземи театрлаштырылган оюн-зоок жана концерттик программа менен коштолду.

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев спортчуларга жана машыктыруучуларга ыраазычылык билдирип, акчалай сыйлыктарды тапшырды. Мындан сырткары, кыз спортчуларга алтын зер буюмдары, жигит спортчуларга аргымак берилди. Акчалай сыйлык демөөрчүлөрдүн эсебинен уюштурулду.

Машыктыруучулар Аязбек Ювашбаев, Рапилбек Асылбеков, Беганас Султанбаев, Чынарбек Изабеков, Мейрамбек Ахметов, Ислам Тазабеков, Раатбек Мамбетов, Нурсултанбек Аскарбеков, Улукбек Карачолоков, Байгазы Кенжебаев, Арсен Эралиев, Түгөлбай Базакечов 100 миң сомдон алышты.

Машыктыруучулар Азат Эркинбаевге жана Нурбек Изабековго 150 миң сомдон, Рахмадил Жуманазаров менен Хаким Махмудовго 200 миң сомдон тапшырылды.

Спортчулар Акжол Махмудов менен Айсулуу Тыныбекова 500 миң сомдон, Мунарбек Сейитбек уулуна 1 миллион сом, Бекзат Алмаз уулуна 300 миң сом, Айпери Медет кызына 300 миң сом, Үзүр Жусупбековго 1,5 миллион сом, Жоламан Шаршенбековго 1,5 миллион сом жана Мээрим Жуманазаровага 3 миллион сом ыйгарылды.

Быйылкы Олимп оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу катышкан. Алардын ичинен кыз-келиндер күрөшүнөн 68 кг чейинки салмак ченинде балбан кыз Мээрим Жуманазарова күмүш, 57 кг чейинки салмакта мушкер Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медал алды. Грек-рим күрөшүнөн 60 кг чейинки салмак ченинде Жоламан Шаршенбеков, 77 кг чейинки салмакта Акжол Махмудов, 97 кг чейинки салмакта Үзүр Жузупбеков коло медал алды. Кыз-келиндер күрөшүнөн 62 кг чейинки салмак ченинде Айсулуу Тыныбекова да коло медал утту.

26-июлдан 11-августка чейин өткөн Париж оюндарына 206 өлкөдөн 10 миңден ашык спортчу катышты. Анда жалпысынан 329 комплект медал ойнотулду. Кыргызстан эки күмүш, төрт коло медалы менен 68-орунду ээледи.

Спортчуларды сыйлоо салтанаты 15-августта Ош шаарында да өткөн. (MKt)

XS
SM
MD
LG