Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Депутат Нуржигит Кадырбеков атайын кызматтан сурактан чыкты


Нуржигит Кадырбеков УКМКда. 22-август, 2024-жыл.
Нуржигит Кадырбеков УКМКда. 22-август, 2024-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ыйман” фондунун мурдагы жетекчиси Нуржигит Кадырбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыкты.

Сурактан чыгып баратып журналисттерге учкай комментарий берип, аталган фонддун ишмердигине байланыштуу күбө катары көрсөтмөлөрдү бергенин билдирди. Ал ошондой эле тергөөнүн купуялуулугун сактоо боюнча кагазга кол койгонун, калган деталдарды айта албай турганын кеп кылды.

Кадырбеков саат 14:30дарда кирген. Эл өкүлү атайын кызматта үч сааттан ашыгыраак убакыт болду.

Быйыл 22-июлда Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы “Ыйман” фондунун ишмердигин текшерүүнү баштап, бир аптадан соң жыйынтыгын жарыялаган. Аталган документте “Ыйман” фондун текшерүүгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 18-июлдагы каты негиз болгону жазылат.

Аудиттин маалыматына караганда, “Ыйман” фондуна 2014-2015-жылдары 5 млн 104 миң 524 доллар түшкөн. Анын 4 млн 999 миң 674 долларын Түркиянын Маданият министрлигинин алдындагы Кызматташтык жана координация агенттиги Кыргызстандагы диний билим берүүнү иретке келтирүү максатында которгон. Мындан тышкары 2014-2018-жылдары фонддун эсеби 24 млн 866 миң 512 сомго толукталган. Бул акчаны ар кандай фонддор, жеке жактар которгон.

Ички аудиттин корутундусунда жогоруда көрсөтүлгөн сумма боюнча бухгалтердик отчеттун, айрым керектүү документтердин такыр эле жоктугу айтылат. Мындан улам текшерүүчлөр “Ыйман” фондунун ишмердигине "толук кандуу аудит жүргүзүүгө мүмкүн эмес" деген тыянакка келген. Бул көрүнүш Кыргызстандын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамына каршы келери да жазылган.

Атайын кызмат азырынча “Ыйман” фондуна байланыштуу иш боюнча маалымат бере элек. Анын чоо-жайы, суракка алынган же айыпталган адамдардын ысымы белгисиз.

9-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ыйман” фондунун мурдагы эсепчиси Индира Ашированы эки айга камакка алганы белгилүү болду. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу") 4-бөлүгүнүн 1-2-пункту ("өзгөчө ири өлчөмдө, ызмат абалын пайдалануу") менен айыпталууда. Соттун чечимине ылайык, Аширова 2024-жылдын 2-октябрына чейин камакта болот.

Түркиядан каражат келген жылдары “Ыйман фондун” Искендер Ормон уулу менен Нуржигит Кадырбеков жетектеген. Кадырбековдон кийин “Ыйман” фондун Самаган Мырзаибраимов, андан соң Рахматулла Эгембердиев, Зикрулло Махамат уулу башчы болгон. 2024-жылдын июнь айынан тарта Жанузак Туран уулу башкарып келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков мурдараак "Азаттыкка" берген комментарийинде фонддун каржылык иштери ошол учурдагы президенттин көзөмөлүндө болгонун айтып, каражаттар мыйзамсыз иштетилбегенин билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG