Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:34

Тоңдо көл ташып, эки айылдын эли коопсуз жайга көчүрүлдү


Ысык-Көл: Туура-Суу айылынын тургундары эвакуацияланды

21-августтун кечинде Ысык-Көл облусунун Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралды. Буга бийик тоодогу Зындан көлү жырылганы себеп болгон. Суу каптоо коркунучуна кабылган айыл тургундары коопсуз жакка чыгарылды.

Коркунуч туудурган Зындан көлүнөн ашкан суу Тоң дарыясынын нугуна бурулганын Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы маалыматына караганда, Туура-Суу жана Балык завод айылдарында жана Тоң дарыясынын айланасынан 490 адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү. Азыр абал байкоого алынып, көзөмөлдөнүп жатат.

"ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкерлери өлкө аймактарындагы ар кандай табигый техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу үчүн мониторингди үзгүлтүксүз жүргүзүп турат. Ар жылы июль айынан баштап сентябрь айына чейин бийик тоолуу көлдөргө мониторинг жүргүзүлөт. Анда космостук көзөмөл, жеринде изилдөө илимий институтаттар менен иш алып барабыз", - деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Маалыматка караганда, 2024-жылы БУУнун өнүктүрүү программасынын алкагында тоолуу көлдөргө мониторинг жүргүзүү боюнча маалыматтык система иштелип чыгып, анын негизинде космостон байкоо салынып турат.

Кыргызстандагы бийик тоодогу көлдөрдүн картасы. ӨКМ тараткан сүрөт
Кыргызстандагы бийик тоодогу көлдөрдүн картасы. ӨКМ тараткан сүрөт

Спутниктен алынган маалыматтардан улам Тоң районундагы I категориядагы Зындан көлүндө 2023-жылга салыштырмалуу суунун көлөмү көп болуп, акыркы айда күндөн-күнгө көбөйүп жаткандыгы белгилүү болгон.

Тиешелүү кызматтарга көлдүн жарылуу коркунучу бар экени акыркы жолу 19-августта эскертилген.

Азыр Туура-Суу айыл аймагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, милициянын жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) өкүлдөрү иштеп жатышат.

Президенттин өкүлчүлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана куткаруу кызматтары калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана кырдаалдын кесепеттерин азайтуу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын билдирди.

21-августта Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралганда куткаруучулар Туура-Суу айылынын жана Балык завод тилкесинин жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялай баштаган.

Зындан деңиз деңгээлинен дээрлик 4 миң метрдей бийиктикте жайгашкан.

XS
SM
MD
LG