Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:42

УКМК: Менчикке кеткен Өзгөн автобекети мамлекетке кайтарылды


Өзгөн автобекетине таандык жер тилке.
Өзгөн автобекетине таандык жер тилке.

Ош облусунун Өзгөн шаарында жайгашкан автобекетин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталып, мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу 22-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 29-июлда аянты 0,74 га ири инфратүзүмдүк объектисин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын жашыруу жана кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында өзгөчө ири өлчөмдө (1 млн 500 миң сом) пара берүүнү сунуштаган Салык кызматынын жергиликтүү Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгынын түштүк регион боюнча бөлүм башчысы К.Н.Н. кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө “Өзгөн автобекети” ачык акционердик коомунун акционерлери Өзгөн шаарындагы автобекетти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын моюнга алып, автобекетти ыктыярдуу түрдө Өзгөн шаардык мэриясынын балансына өткөрүп беришти.

Атайын кызмат билдиргендей, жогоруда аталган жер тилкесинин базар баасы 219 млн 591 миң сомду түзөт.

УКМКнын маалыматына ылайык, соңку үч жылдан бери ондогон мүлктөр мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарылды. Анын көбү базарлар, автобекеттер жана жер тилкелери. (ErN)

XS
SM
MD
LG