Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Румынияда чуулгандуу блогер кайрадан камакка алынды


Эндрю Тейт жана бир тууганы Тристанды полиция алып кетүүдө.
Эндрю Тейт жана бир тууганы Тристанды полиция алып кетүүдө.

Румынияда интернет-инфлюенсер Эндрю Тейт жана анын бир тууганы Тристан коррупцияга каршы прокурорлордун жаңы айыптоолоруна байланыштуу сурагынан кийин камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыктын” румын кызматы 22-августта жазды.

21-августта алар жашаган үйдө төрт жолу тинтүү жүргүзүлгөнү маалым болду. Румыниянын уюшма кылмыштуулукка каршы агенттиги (DIICOT) ага-иниге кылмыштуу топ түзүү, арам акчаны адалдоо жана жашы жеке электерге каршы сексуалдык кылмыш деген жаңы айыптар тагылганын билдирди.

Экөө 2022-жылы декабрда Бухарестте кармалып, үч айдан кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарылган жана соттун чечимин күтүп жаткан.

Быйыл март айында Румыния Улуу Британиянын аларды экстрадициялоо тууралуу өтүнүчүн канааттандырган, бирок Лондонго мекениндеги териштирүүлөр аяктагандан кийин гана өткөрүлүп берилерин билдирген. Британ бийлиги аларды сексуалдык зомбулукка айыптоодо.

Британиялык мурдагы кикбоксчу жана чуулгандуу блогер Эндрю Тейт айыптоолорду четке кагып, «саясий кутум» жүрүп жатканын айтууда.

37 жаштагы блогерди кармоого Улуу Британияда «сексуалдык агрессия» боюнча 2012-2015-жылдардагы окуяга байланыштуу тергелип жаткан иш негиз болгон. Улуу Британиянын жана АКШнын жараны болгон ага-иниге «уюшкан кылмыштуу топ түзгөн, адам аткезчилигине катышкан, зордуктоого барган, кыздарды порнографиялык материал даярдоо үчүн эксплуатациялаган» деген айыптар тагылган.

Бухарест сотунун маалыматына караганда, төрт киши топтошуп алып, Румыниядан адамдарды АКШга, Улуу Британияга жана башка өлкөлөргө мыйзамсыз жолдор менен жөнөтүп турушкан.

Интернеттин социалдык түйүндөрүндө миллиондогон катталуучусу бар Эндрю Тейт "аял – эркектин менчиги, ал зордуктоого кабылса, өзү күнөөлүү" деген көз карашын билдирип келген. (RK)

XS
SM
MD
LG