Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Азербайжанда бийликти сындаган саясат талдоочу камакка алынды


Бахруз Самедов.
Бахруз Самедов.

Азербайжанда бийликти сындаган пикирин ачык билдирип келген саясат талдоочу Бахруз Самедов камакка алынды. Turan маалымат агенттиги билдиргендей, бул тууралуу 21-августта анын чоң апасы Зибейда Османова айтып берди жана полиция Баку шаарында небересин кармап кеткенден кийин үйүндө тинтүү жүргүзгөнүн кабарлады.

Баку полициясы Самедов маңзатка байланыштуу кылмышка айыпталып жатканын билдирген.

Ал эми адвокаттар ал «армяндар менен электрондук кат алмашкан, чыккынчылык кылган» деп шектелип жатканын айтууда.

Чехиянын борбору Прагадагы Карлов университетинин докторанты Самедов Бакунун Азербайжан менен Армения чектешкен тилкеде жайгашкан, узак жылдар бою талаш жаратып келген Тоолуу Карабакты өз карамагына алуу үчүн 2020 жана 2024-жылдары көргөн аракеттерин айыптаган.

Азербайжан былтыр сентябрда эки өлкө талашып келген Тоолуу Карабак аймагын өз карамагына толук алгандан кийин ортодогу атышуу дээрлик токтогон. Бул аймакта жашаган 100 миңдей армян улутундагы киши үй-жайын таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Чек араны тактоо тууралуу сүйлөшүүлөр уланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG