Зындан көлү ташыган аймакта абал турукташып, жашоочулар өз үйлөрүнө кайтышты

Зындан көлүнөн агып жаткан суу. ӨКМ тараткан видеодон алынган скриншот.

22-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунун аймагында абал турукташкандыгына байланыштуу коопсуз жайга эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө кайтып келишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, коктудан түшкөн суунун нугу Тоң суусуна бурулуп, суу каптоо коркунучу жок.

Учурда жеринде райондук жарандык коргонуу кызматтарынан турган нөөмөт уюштурулган.

21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Мамбетов айыл аймагына караштуу Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралган. Буга Зындан көлү жырылып, суу киргени себеп болгон.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана ӨКМдин кызматкерлери дароо Туура-Суу айылынын жана Балык завод тилкесинин жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялай баштаган. 500дөй тургун Эшперов жана Ак-Сай айылынын мектептерине жайгаштырылган.

ӨКМ 22-августта тараткан билдирүүсүндө Зындан көлүндө суунун көлөмү көп болуп, акыркы айда күндөн-күнгө көбөйүп жаткандыгын жергиликтүү бийликтерге июль айында эскерткенин маалымдаган. Көлдүн жырылуу кооптуулугу 19-августта кошумча эскертилген. Министрлик так ушул чаралардын натыйжасында калкты эвакуациялоо ийгиликтүү жүрүп, кырсык алдын алынганын жана жоготуулар болбогонун кабарлаган. (ErN)

Дагы караңыз

УКМК: Менчикке кеткен Өзгөн автобекети мамлекетке кайтарылдыРумынияда чуулгандуу блогер кайрадан камакка алындыДепутат Нуржигит Кадырбеков атайын кызматтан сурактан чыктыКазакстан Лукашенконун билдирүүсүнөн кийин беларус элчисин ТИМге чакырттыГазада дагы 22 палестин тургуну каза болгону кабарландыБомба тууралуу кабардан улам Ош мэриясы, облустук бийликтин кызматкерлери эвакуация болдуБишкекте тергөөчү 550 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды“Айыл банк” “Сбер” тиркемеси аркылуу акча которуулар токтотулганын маалымдадыТергөө абагындагы Имамидин Ташовдун иши сотко өттү