Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:58

Казакстан Лукашенконун билдирүүсүнөн кийин беларус элчисин ТИМге чакыртты


Беларус элчиси казак ТИМине 21-августта чакыртылды.
Беларус элчиси казак ТИМине 21-августта чакыртылды.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Беларустун элчисин чакыртып, «болуп жаткан окуяларга карата Астананын позициясын калыс баалоого» үндөгөнүн мекеменин басма сөз кызматы 21-августтун кечинде билдирди.

Беларус элчиси Павел Утюпин менен жолугушууда казак башкы дипломаты Мурат Нуртлеу Казакстан өзүнүн тышкы саясатын «тең салмакталган жана тынчтык негизде, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына жана эл аралык укуктун негизги нормаларына таянып жүргүзүп келатканын» айтты.

«Биздин өлкө мамлекеттер ортосундагы бардык келишпестиктер саясий жана дипломатиялык жол менен чечилиши керектигине бекем ишенет», — деп белгиледи ал.

Бир нече күн мурда Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко орусиялык мамлекеттик телеканалдардын бирине курган маегинде мурдагы советтик республикалардын айрымдарынын тышкы саясатын сындап, Казакстанга өзүнчө кайрылган.

2022-жылдагы Казакстандагы Январь окуясын эске салып, ошол кезде казак бийлиги «Кытайга эмес, Индия же Пакистанга эмес, Орусияга жана Беларуска кайрылганын» айткан.

«Жарым күндө биз Казакстанга учактарыбызды жөнөттүк. Тынчыттык», - деп белгилеген.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев быйыл жыл башында расмий басылмага жарыяланган маегинде 2022-жылы жардам сурап Орусияга эмес, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) кайрылганын айткан.

Лукашенконун соңку билдирүүсү украин аскерлери анын башкы өнөктөшү Орусиянын Курск облусун 6-августтан бери ээлеп турган учурда жасалды. (RK)

XS
SM
MD
LG