Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:03

Тергөө абагындагы Имамидин Ташовдун иши сотко өттү


Имамидин Ташов президенттик шайлоодогу дебатта. Архивдик сүрөт.
Имамидин Ташов президенттик шайлоодогу дебатта. Архивдик сүрөт.

"Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деп шек саналып кармалган ишкер Имамидин Ташовдун иши тергелип бүттү. Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өттү. Бул тууралуу анын адвокаты Самат Матцаков билдирди.

Ташов Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу), 327-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) жана 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен айыпталууда.

Баштапкы соттук угуу 23-август, саат 15:30га белгиленди. Ал жабык өтөт. Ишти судья Чынгызбек Бердимуратов карайт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Имамидин Ташовду 22-апрелде кармаган. Мекеменин маалымдашынча, ишкер Кыргызстандын чек арасын Казакстан тараптан мыйзамсыз кесип өткөн соң, Чүйдүн Панфилов районунун Кайыңды айылында кармалган. Сот аны атайын кызматтын тергөө абагына камакка алып, бөгөт чарасы узартылып келатат.

УКМК Ташов “бийликти басып алуу максатында, калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган” деп маалымдаган.

Имамидин Ташов муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде 2023-жылдын октябрында да кармалып, 52 млн сом төлөп бергенден кийин ошол эле жылдын 8-декабрында үй камагына чыккан.

2024-жылдын 9-январында социалдык тармактарга анын видео кайрылуусу жарыяланган. Анда ал былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери күч менен алып кетип, сегиз күн белгисиз жерде кармап турушканын, 100 миллион сом талап кылышканын айткан. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев анын айткандарын четке каккан.

Бир күндөн кийин, 10-январда атайын кызмат Ташовго Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын билдирген. Имамидин Ташов издөөдө жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу менен телефондон сүйлөшүп, өлкөдө башаламандык уюштурууну көздөшкөнүн кабарлаган. Андан тышкары ишкерге алдамчылык боюнча 16 иш тергелип жатканын кошумчалаган.

Ишкер УКМКнын маалыматтарынан кийин кайрадан кайрылуу жасап, коюлган айыптарды четке кагып, ал ээлик кылган компания баштаган курулуштарды аягына чыгарып берүүгө аракет кылып жатканын айткан.

"KG Group" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов 2021-жылы президенттик шайлоого катышкан. (ErN)

XS
SM
MD
LG