Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:10

Бомба тууралуу кабардан улам Ош мэриясы, облустук бийликтин кызматкерлери эвакуация болду


Ош шаардык мэриясынын имаратын курчап турган милиция кызматкерлери.
Ош шаардык мэриясынын имаратын курчап турган милиция кызматкерлери.

Ош шаардык мэриясы жана президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү жайгашкан имаратка “жарылуучу зат коюлган” деген маалыматтан улам кызматкерлер сыртка эвакуация болду. Бул тууралуу “Азаттыктын” жериндеги кабарчысы мэриянын басма сөз кызматына таянуу менен кабарлады.

Учурда укук коргоо органдары имаратта текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Мэриянын имаратын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, Ички иштер министрлигинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери курчап турат.

22-август түшкө чейин Бишкекте "Манас" эл аралык аэропортунун электрондук почтасына аба майданда жарылуучу зат бар экени тууралуу маалымат түшүп, кызматкерлер жана жүргүнчүлөр тышка эвакуацияланган. Укук коргоо органдары аба майдандын имаратынан жарылуучу зат тапкан жок. Кыска убакыттан соң адамдар кайрадан аэропортко киргизилди.

Буга чейин Бишкекте, Ошто жана башка аймактарда да ушундай эле маалыматтар түшүп, ар кайсы имараттардагы адамдар эвакуация болгон учурлар катталган. Аларда да текшерүү маалында "жардыруучу зат бар" деген маалыматтар жалган болуп чыккан. (DSh\ErN)

XS
SM
MD
LG