Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:06

Бишкекте тергөөчү 550 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды


Пара катары берилген акчаны тактоо. Иллюстрациялык сүрөт.
Пара катары берилген акчаны тактоо. Иллюстрациялык сүрөт.

550 миң сом алып жаткан учурда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн №8 милиция бөлүмчөсүнүн тергөө кызматкери, милициянын капитаны М.Н.М. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

Тергөөдө "аталган кызматкер райондук ички иштер бөлүмүндө каралып жаткан кылмыш иши боюнча арыз ээсинин тууганына коюлган айыпты анча оор эмес беренеге өзгөртүү үчүн көрсөтүлгөн акчаны опузалаганы" такталды. Ал "8 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылган, аны сом түрүндө алып жаткан маалда колго түшкөн".

Кармалган кызматкер Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча тиешелүү иштер уланып жатканын билдирүүдө.

Январь айында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) Жол кайгуул кызматынын тогуз кызматкери пара алууга шектелип кармалган.

Февралда УКМК Кайгуул милиция кызматкерлерин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга тиешеси бар деген шек менен жыйын учурунда кармаган. Ошол эле айда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары, бөлүм башчысы кармалган.

Мартта ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери, апрелде Бишкек ШИИБ тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү К.Б.М., Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн тергөөчүсү А.А.Э. пара талап кылуу фактысы менен кармалган.

Кармалгандардын жакындары, адвокаттар, ИИМ адатта мындай маалыматтарга комментарий бербейт. (ErN)

XS
SM
MD
LG