Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:01

Газада дагы 22 палестин тургуну каза болгону кабарланды


Газа.
Газа.

Газа секторунун борбордук жана түштүк райондорундагы Израил аскерлеринин чабуулдары уланып жатканын, соңку суткада кеминде 22 палестин тургунунун өмүрү кыйылганын анклавдын саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына таянып Reuters агенттиги 22-августта билдирди.

Израил аскерлери кечээтен бери Газанын Рафах аймагында ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) 50 согушкери жок кылынганын маалымдашты.

21-августта Ак үй АКШ президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефондон сүйлөшкөнүн, «атышууну токтотуу жана барымтадагыларды бошотуу тууралуу келишимди болушунча тезирээк кабыл алуу зарылдыгын белгилегенин» жана Каирде өтө турган сүйлөшүүлөрдү, калган маселелерди чечүү жолдорун талкуулаганын кабарлады.

ХАМАС Израилде камакта кармалып турган палестиндерди бошотуу, израилдик аскерлерди Газадан толук чыгарып кетүү талабын коюуда. Тынчтык келишимине ошондо гана макул болорун айтып, Израилди жана АКШны "мунасага келбей жатат" деп айыптоодо.

Нетаньяху согуш ХАМАС толук талкаланганда гана токтой турганын, барымтадагы израилдиктер менен камактагы палестиндерди айырбаштоо үчүн атышууну токтотуу убактылуу эле чара болуп каларын айтууда.

Газадагы согуш токтобой, Жакынкы Чыгышта кырдаал курчуп жаткандыктан, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен он ай ичинде бул аймакка тогузунчу жолу барып, бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон.

Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Он айда Газада каза болгондор 40 миңге жеткенин сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирген.

Жакынкы Чыгыштагы кырдаал курчушу ыктымал деген кооптонуу 31-июлда Ирандын борбору Тегеранда ХАМАСтын саясий лидери Исмаил Хания каза болгондон кийин күчөгөн. Иран Ханиянын өлүмүнө алып келген чабуул үчүн Израилди айыптап, “катаал жаза” болорун билдирген. Израилдик аскерлер бул чабуул үчүн жоопкерчиликти алган эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG