550 миң сом алып жаткан учурда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн №8 милиция бөлүмчөсүнүн тергөө кызматкери, милициянын капитаны М.Н.М. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.
Тергөөдө "аталган кызматкер райондук ички иштер бөлүмүндө каралып жаткан кылмыш иши боюнча арыз ээсинин тууганына коюлган айыпты анча оор эмес беренеге өзгөртүү үчүн көрсөтүлгөн акчаны опузалаганы" такталды. Ал "8 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылган, аны сом түрүндө алып жаткан маалда колго түшкөн".
Кармалган кызматкер Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
УКМК укук коргоо органдарындагы коррупцияны жоюу боюнча тиешелүү иштер уланып жатканын билдирүүдө.
Январь айында Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) Жол кайгуул кызматынын тогуз кызматкери пара алууга шектелип кармалган.
Февралда УКМК Кайгуул милиция кызматкерлерин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга тиешеси бар деген шек менен жыйын учурунда кармаган. Ошол эле айда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысынын орун басары, бөлүм башчысы кармалган.
Мартта ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери, апрелде Бишкек ШИИБ тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ага тергөөчүсү К.Б.М., Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн тергөөчүсү А.А.Э. пара талап кылуу фактысы менен кармалган.
Кармалгандардын жакындары, адвокаттар, ИИМ адатта мындай маалыматтарга комментарий бербейт. (ErN)
Дагы караңыз
Газада дагы 22 палестин тургуну каза болгону кабарландыДепутат Нуржигит Кадырбеков УКМКга суракка кирдиБомба тууралуу кабардан улам Ош мэриясы, облустук бийликтин кызматкерлери эвакуация болдуКурск коопсуздук чараларын күчөтүүдө, украин аскерлери операциясын улантуудаӨКМ Зындан көлүндө суу көбөйүп жатканын эки апта мурда эскерткенин билдирдиЭкинчи дүйнөлүк согуштун Ош шаарындагы жалгыз ардагери көз жумду"Манас" аэропортунда жүргүнчүлөр кыска убакытка эвакуация болдуТергөө абагындагы Имамидин Ташовдун иши сотко өттүБилим берүү министрлиги мектептерде 5 баллдык баалоо системасы каларын билдирди