Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Депутат Нуржигит Кадырбеков УКМКга суракка кирди


Нуржигит Кадырбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка кирип бараткан учур. 22-август, 2024-жыл.
Нуржигит Кадырбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка кирип бараткан учур. 22-август, 2024-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ыйман” фондунун мурдагы жетекчиси Нуржигит Кадырбеков аталган фонддун ишмердигине байланыштуу иштин алкагында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка кирди. Бул тууралуу атайын кызматтын алдында жүргөн "Азаттыктын" кабарчысы билдирди.

“Кыязы “Ыйман” фонду боюнча суракка чакырышты. Тактасын, көрсүн, суроолорду беришсин. Эӊ башкысы көӊүл ток. Каржы жагында ( “Ыйман” фондунун) эч кандай маселе болгон эмес. Бул жумуштан дээрлик алты жыл мурда кеткем. Андан бери кайсыл кагаздар калды, кайсыл кагаздар жок мен билбейм да. Бирок биз бардык ишти мыйзам чегинде кылганбыз”, - деди Кадырбеков имаратка кирип баратып.

Ал УКМКнын тергөөчүсү уюлдук телефондон эле чалып чакырганын айтып, суракка адвокаты жок кирип кетти.

Быйыл 22-июлда Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы “Ыйман” фондунун ишмердигин текшерүүнү баштап, бир аптадан соң жыйынтыгын жарыялаган. Аталган документте “Ыйман” фондун текшерүүгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 18-июлдагы каты негиз болгону жазылат.

Аудиттин маалыматына караганда, “Ыйман” фондуна 2014-2015-жылдары 5 млн 104 миң 524 доллар түшкөн. Анын 4 млн 999 миң 674 долларын Түркиянын Маданият министрлигинин алдындагы Кызматташтык жана координация агенттиги Кыргызстандагы диний билим берүүнү иретке келтирүү максатында которгон. Мындан тышкары 2014-2018-жылдары фонддун эсеби 24 млн 866 миң 512 сомго толукталган. Бул акчаны ар кандай фонддор, жеке жактар которгон.

Ички аудиттин корутундусунда жогоруда көрсөтүлгөн сумма боюнча бухгалтердик отчеттун, айрым керектүү документтердин такыр эле жоктугу айтылат. Мындан улам текшерүүчлөр “Ыйман” фондунун ишмердигине "толук кандуу аудит жүргүзүүгө мүмкүн эмес" деген тыянакка келген. Бул көрүнүш Кыргызстандын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамына каршы келери да жазылган.

Атайын кызмат азырынча “Ыйман” фондуна байланыштуу иш боюнча маалымат бере элек. Анын чоо-жайы, суракка алынган же айыпталган адамдардын ысымы белгисиз.

9-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту “Ыйман” фондунун мурдагы эсепчиси Индира Ашированы эки айга камакка алганы белгилүү болду. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу") 4-бөлүгүнүн 1-2-пункту ("өзгөчө ири өлчөмдө, ызмат абалын пайдалануу") менен айыпталууда. Соттун чечимине ылайык, Аширова 2024-жылдын 2-октябрына чейин камакта болот.

Түркиядан каражат келген жылдары “Ыйман фондун” Искендер Ормон уулу менен Нуржигит Кадырбеков жетектеген. Кадырбековдон кийин “Ыйман” фондун Самаган Мырзаибраимов, андан соң Рахматулла Эгембердиев, Зикрулло Махамат уулу башчы болгон. 2024-жылдын июнь айынан тарта Жанузак Туран уулу башкарып келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков мурдараак "Азаттыкка" берген комментарийинде фонддун каржылык иштери ошол учурдагы президенттин көзөмөлүндө болгонун айтып, каражаттар мыйзамсыз иштетилбегенин билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG