Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

"Манас" аэропортунда жүргүнчүлөр кыска убакытка эвакуация болду


“Манас” эл аралык аэропортунда бомба коюлганы тууралуу маалыматтан кийин эвакуация болгондор. Архивдик сүрөт.
“Манас” эл аралык аэропортунда бомба коюлганы тууралуу маалыматтан кийин эвакуация болгондор. Архивдик сүрөт.

"Манас" эл аралык аэропортунун электрондук почтасына аба майданда жарылуучу зат бар экени тууралуу маалымат түшүп, кызматкерлер жана жүргүнчүлөр тышка эвакуацияланды. Бул тууралуу маалыматты аэропорттун басма сөз кызматкери Алена Хоменко ырастады.

Укук коргоо органдары аба майдандын имаратынан жарылуучу зат тапкан жок. Кыска убакыттан соң адамдар кайрадан аэропортко киргизилди.

Аэропорттон билдиришкендей, бул аба каттамдарынын жадыбалына олуттуу зыянын тийгизген жок. Учактар өз убактысында уча берери маалымдалды.

“Манас” эл аралык аэропортунда жарылуучу зат бар экени тууралуу кабардан улам быйыл майда жана июнда да ушундай эле кырдаал түзүлүп, жүргүнчүлөр эвакуация болгон. Кийин маалыматтар ырасталган эмес.

Бишкектен 23 чакырым алыстыкта жайгашкан "Манас" эл аралык аэропорту Кыргызстанда маанилүү транспорттук мекеме болуп саналат.

Анын курамына Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо –“Жалал-Абад”, “Исфана”, “Кербен”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ. (ErN)

XS
SM
MD
LG