Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Билим берүү министрлиги мектептерде 5 баллдык баалоо системасы каларын билдирди


Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы мектептердин бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги билдирүү таратып, “Алтын казык” мектеп билим берүү системасын трансформациялоо программасынын алкагында окутуунун 12 жылдык компонентине өтүүдө 5 баллдык баалоо системасы сакталып каларын маалымдады. Тиешелүү маалымат мекеменин Фейсбуктагы баракчасына чыкты.

“Бул программада 10 баллдык система жок. Министрлик Кыргыз Билим берүү академиясынын сайтында жарыяланган маалымат айрым эксперттердин жеке пикири экенин жана билим берүү жана илим министрлигинин расмий позициясын чагылдырбасын белгилейт”, – деп айтылат Билим берүү жана илим министрлигинин билдирүүсүндө.

Кыргыз Билим берүү академиясы 19-августта өз сайтына "12 жылдык билим берүүгө өтүү концепциясын" жарыялаган. Анда Кыргызстандын мектептери пландалып жаткан 12 жылдык билим берүү системасынын алкагында мурдагыдай 5 баллдык шкаладагы баалоо системасын эмес, 10 баллдык баалоо системасын колдоно баштай турганы жазылган.

Концепцияда 1-2-класстарда балдарга баа койбой, 3-класстан 12-класска чейин окуучуларга 1ден 10го чейинки баа коюу сунушталган.

Кыргызстандын мектептери негизинен СССРдин билим берүү системасынан мурастап калган 5 баллдык шкаладагы баалоо системасын колдонуп келет. Айрым жерлерде башталгыч класстарда жылдызча, латын тамгалары жана башка формалар менен бааланган учурлар бар. 10 баллдык шкаладагы баалоо системасын айрым менчик мектептер колдонушчу.

Кыргызстан 2024-2025-окуу жылынан тартып мектептерде 12 жылдык билим берүү системасын киргизүүнү көздөөдө.

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын маалыматына караганда быйылкы окуу жылында жалпы даярдык жүрөт, кийинки жылдан тартып, система толугу менен ишке кирет. Быйылкы окуу жылында бала бакчаларда мектепке чейинки даярдык тобунда окуган балдар кийинки жылы мектепте 2-класска кабыл алынары кабарланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG