Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

ӨКМ Зындан көлүндө суу көбөйүп жатканын эки апта мурда эскерткенин билдирди


Тоң районундагы Зындан көлү. ӨКМ 30-июлда тараткан сүрөт.
Тоң районундагы Зындан көлү. ӨКМ 30-июлда тараткан сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Зындан көлүнөн суу ашып, тургундардын эвакуацияланышына байланыштуу 22-августта билдирүү таратып, соңку маалыматтар менен бөлүштү.

Анда айтылгандай, кооптуу кырдаал түзүлгөн Туура-Суу жана Балык завод айылдарынан жана Тоң дарыясынын айланасынан жалпы 490 адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлгөн. Азыр абал байкоого алынып, көзөмөлдөнүп жатат.

Министрлик Зындан жана ошол сыяктуу башка бийик тоодогу көлдөргө Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти ар жылы июль айынан сентябрь айына чейин мониторинг жүргүзүп турарын билдирет.

Маалыматка караганда, 2024-жылы БУУнун өнүктүрүү программасынын алкагында тоолуу көлдөргө мониторинг жүргүзүү боюнча маалыматтык система иштелип чыгып, анын негизинде космостон байкоо салынып турат.

“Спутниктен алынган маалыматтардан улам Тоң районундагы I категориядагы Зындан көлүндө 2023-жылга салыштырмалуу суунун көлөмү көп болуп, акыркы айда күндөн-күнгө көбөйүп жаткандыгы белгилүү болгон. Атайын эсептөөлөрдү жүргүзгөн департаменттин адистери Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлерине жана тиешелүү кызматтарга көлдүн жырылуу коркунучу бар экендигин алдын ала, эки жума мурун кабарлашкан. Көлдүн жырылуу кооптуулугу 19-августта кошумча эскертилген. Ошондой эле сел жүрүшү мүмкүн болгон аймакта селдин багыты моделдештирилип берилген”, – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги так ушул чаралардын натыйжасында 19-августта калкты эвакуациялоо ийгиликтүү жүрүп, кырсык алдын алынганын жана жоготуулар болбогонун маалымдайт.

21-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Мамбетов айыл аймагына караштуу Туура-Суу айылында Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, суу каптоо коркунучу жаралган. Буга Зындан көлү жырылып, суу киргени себеп болгон.

Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана ӨКМдин кызматкерлери дароо Туура-Суу айылынын жана Балык завод тилкесинин жашоочуларын коопсуз жайга эвакуациялай баштаган. 500дөй тургун Эшперов жана Ак-Сай айылынын мектептерине жайгаштырылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG