Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Экинчи дүйнөлүк согуштун Ош шаарындагы жалгыз ардагери көз жумду


Касымбай Жолдошев
Касымбай Жолдошев

Экинчи дүйнөлүк согуштун Ош шаарындагы жалгыз ардагери Касымбай Жолдошев 99 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу 22-августта Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Касымбай Жолдошов 1925-жылдын 25-июнунда азыркы Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган. 1943-жылдын 18-январында Ноокат аскер комиссариаты аны согуш майданына чакырып, 154-аткычтар полкунда эки жыл кызмат өтөп, 1950-жылдын май айына чейин, 8 жыл аскерде кызмат өтөгөн.

Жолдошов анын ичинде 1945-жылдын 9-августунда Жапондук самурайларга каршы согушта орудияга командир болуп дайындалып, 3-сентябрга чейин Жапон согушуна катышкан. Андан кийин Кытайдын Манчжурия провинциясын бошотууда Харбин шаарына чейин согуштун аягына чейин катышкан.

Союзга кайткандан кийин беш жыл Нижнеудинск шаарында кызмат өтөп, 1950-жылдын 10-апрелинде Советтик армиянын катарынан бошотулуп, кичи мекени Ноокат районуна кайткан. Айылына келген соң согуш мезгилинде талкаланган чарбаны калыбына келтирүүгө салымын кошуп, колхоздо 35 жыл эмгектенген. Согуштун, эмгектин ардагери.

Ардагер 2004-жылдан бери Ош шаарында туруктуу жашап келген. Бир уул, бир кызды тарбиялап өстүрүп, 15 небере, 50 чебере, бир кыбыранын чоң ата, тай атасы болчу.

Быйыл 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштун Талас облусундагы жалгыз ардагери, 98 жашында көз жумган Араке Арстанбеков өзү туулуп-өскөн Айтматов районунун Бакыян айылында жерге берилген.

Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда тутанып, 1945-жылы 2-сентябрда аяктаган. Ага ошол маалдагы 74 мамлекеттин 62си, дүйнөнүн 80% калкы катышкан. Согуштан жалпы 70 миллиондой адам кырылган.

СССР Экинчи дүйнөлүк согушка өзү аралашкан бөлүгүн Улуу Ата Мекендик согуш деп атаган. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 1941-жылы 22-июнда башталып, 1945-жыл 9-майда СССР жеңишке жеткен. Бул күн СССРде, кийин андан тараган мамлекеттерде Жеңиш күнү катары белгиленет.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын 1-мартындагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 41 ардагери калган. 9-майда аларга президенттин фондунан бир жолку материалдык жардам катары 100 миң сомдон берилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG