6-августтун аба ырайы тууралуу маалымат

Бишкектеги Горкий көчөсүндө жайгашкан Ботаникалык бактын дендрарий коругу.

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 5-6-август күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

6-августта Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36,

Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында түнкүсүн 19…24, күндүз 31…36,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26,

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 7…12 градус болот.

Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22°, күндүз 33…35° болот.

Дагы караңыз

УКМК Ошто маңзат иши боюнча эки милиция кызматкери кармалганын билдирди Түндүк Кореянын чек ара аскерлери 250 ракеталык система алды УКМК "Старый толчок" базары мамлекетке алынганын кабарладыПариж-2024: Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова мелдешке чыгат"Весна": Беларуста төрт жылда 50 миңден ашуун киши кармалды Орусияда Кыргызстандын жараны автоунаа сүзүп каза болдуПрокурор Камчы Көлбаевдин апасын 10 жылга абакка кесүүнү сурады"Коопсуз шаар" долбоорунан алты айда 5 млн долларга чукул акча түштү Ысык-Көлдө майыптыгы бар кызды зордуктоого шектелип эки адам кармалдыБыйыл жарым жылда үч сайт убактылуу жабылды