Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Түндүк Кореянын чек ара аскерлери 250 ракеталык система алды


Ким Чен Ын баллистикалык ракета фонунда. Архивдик фото.
Ким Чен Ын баллистикалык ракета фонунда. Архивдик фото.

Түндүк Кореянын чек ара мекемеси жаңы тактикалык баллистикалык ракета аткычтардан 250нү алганын, алар Түштүк Корея менен чек арасына жайгаштырылганын жергиликтүү Борбордук телеграф агенттиги билдирди. Курал-жаракты тапшыруу салтанатына өлкө башчысы Ким Чен Ын катышты.

Ракета аткычтар Түндүк Корея армиясына "чабуул коюучу негизги курал" катары өткөрүп берилгени белгиленди.

4-августта өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) “өзөктүк күчтөр” согушка даярдык деңгээлин жогорулатуу максатында бекемделип жатканын маалымдаган. Мекеме Корей жарым аралында жана аймакта коопсуздукка коркунуч жаратып жатат деп АКШны жана Түштүк Кореяны айыптаган.

28-июлда Жапониянын, Түштүк Кореянын жана АКШнын коргоо министрлери Түндүк Корея активдүү куралданып жаткан шартка, аймакта аскердик жактан кубаттуу Кытай бар экенине байланыштуу коопсуздук жаатында үч тараптуу кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшкан.

30-июнда Түндүк Корея АКШны, Жапонияны жана Түштүк Кореяны аймакта “НАТОнун азиялык версиясын түзүп жатышат” деп айыптаган жана “чабуул коюучу, басуучу контрчабуул” жасоого даярдык көрөрүн билдирген. Ошол эле учурда өлкө башчысы Ким Чен Ын Украинага каршы агрессивдүү согуш жүргүзүп жаткан Орусия президенти Владимир Путин менен аскердик кызматташтык тууралуу келишим түзгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG