Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:43

"Коопсуз шаар" долбоорунан алты айда 5 млн долларга чукул акча түштү


"Коопсуз шаар" долбоорунун камерасы. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
"Коопсуз шаар" долбоорунун камерасы. Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

2024-жылдын январь-июнь айларында "Коопсуз шаар" долбоорунан мамлекеттик бюджетке 422 млн 744,7 миң сом же 4,9 млн доллар түштү. Финансы министрлигинин жарым жылдык баяндамасында жазылгандай, бул былтыркы алгачкы жарым жылдыктагы көрсөткүчтөн 252,6 млн сомго көп.

Быйылкы алты айда "Коопсуз шаар" долбоорунун айыппул туумдары жана каржылык санкциясынын суммасы 15,7 млн сомго чыкты.

Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы иштей баштаган. Ага ылайык Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек-Торугарт, Бишкек-Ош автожолдорунун боюна камералар орнотулган. Долбоорду орусиялык “Вега” концерни ишке ашырган.

“Коопсуз шаар-2” долбоорун уткан Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd аттуу кытайлык компания жети облус, эки чоң шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакка видео көзөмөл коюп, жалпысынан 306 аппарат орнотушу керек болчу.

Бул долбоор пландалган мөөнөтүндө ишке ашпай калгандыктан, Санарип өнүктүрүү министрлиги Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd компаниясын 2022-жылы сотко берген.

Ички иштер министрлиги "Коопсуз шаар" системасынан тышкары жол эрежелерин бузууларды аныктаган отуздан ашуун "Автоураган" аппараттык-программалык комплексин сатып алган. Анын 10у стационардык, 22си мобилдүү. Автокырсыктардын саны үч жыл ичинде 38% азайганын Ички иштер министрлиги маалымдаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG