Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Париж-2024: Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова мелдешке чыгат


Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова.
Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында бүгүн, 5-августта Мээрим Жуманазарова менен Жоламан Шаршенбеков мелдешке чыгат.

Жуманазарованын алгачкы атаандашы монголиялык Дэлгермаа Энхсайхан болмокчу. Балбандар кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта килемге чыгат.

Мээрим Жуманазарова: “Кыздар, чоң максатка жетүүдөн коркпогула”
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:39 0:00

Дэлгермаа Энхсайхан 25 жашта. Дүйнө чемпионатынын (2023-жылы) күмүш медалын уткан. Азия чемпионаттарында бир күмүш, үч коло медал, Азия оюндарынын коло медалын уткан.

Мээрим Жуманазарова менен Дэлгермаа Энхсайхан буга чейин үч жолу беттешкен. 2021-жылы өткөн Азия чемпионатынын финалында Жуманазарова жеңишке жеткен. Экинчи ирет да 2022-жылы өткөн Азия чемпионатынын жарым финалында беттешип, бул ирет да Жуманазарова жеңишке жеткен.

Жоламан Шаршенбеков: “Күчтүү балбандар менен күрөшкөн жагат”
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:58 0:00

Балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта мелдешке чыгат. Анын алгачкы атаандашы казакстандык балбан Айдос Султангали болмокчу. Балбандар Олимпиада оюндарынын 1\8 финалда бетешет.

Грек-рим күрөшүнөн балбан Жоламан Шаршенбеков Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) рейтингинде 60 килограмм салмакта биринчи орунда. Ал акыркы эки жылда жети мелдештен жети байге утса, анын алтоо алтын, бирөө коло медал.

25 жаштагы Шаршенбеков - грек-рим күрөшү боюнча Дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022, 2023). Дүйнө чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси (55 кг, 2018-ж., 60 кг, 2021-ж.). Азиянын үч жолку чемпиону (2022-ж., 2023-ж., 2024-ж.). Азия чемпионатынын эки жолку күмүш байгесинин ээси (2018-ж., 2020-ж.) жана Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023). Уландар (кадеттер) арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында коло (54 кг. 2016-ж.), жаштар арасында Азия жана Дүйнө чемпионатында күмүш медал (55 кг, 2017-ж.) тагынган. 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионатында алтын, Дүйнө чемпионатында (U23) күмүш (2019-ж.) байгеге ээ болгон.

Олимп оюндарына экинчи жолу катышууда. 2021-жылы Токиодо өткөн Олимпиадада Шаршенбеков 7-орунду ээлеген.

Күрөш боюнча мелдештер Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, кыргыз спортчуларынын мелдештери тууралуу "Азаттыктын" "Париж-2024: Олимпиада жаңылыктары" баракчасынан окуңуз.

XS
SM
MD
LG