Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:48

Прокурор Камчы Көлбаевдин апасын 10 жылга абакка кесүүнү сурады


Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеванын үйүндө өткөн сот отуруму.
Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиеванын үйүндө өткөн сот отуруму.

Прокурор кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) апасы Мая Алиеваны жана бул иш боюнча айыпталган Нурия Тентешованы Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискация кылууну жана 10 жылдан абакка кесүүнү сурады.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Мая Алиеванын адвокаты Бактыбек Жумашев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, 2-августтагы соттук отурумда судья анын Мая Алиевага комплекстүү соттук-медициналык жана психологиялык экспертиза дайындоо өтүнүчүн четке кагып, жарыш сөз башталган. Мамлекеттик айыптоочу шектүүлөрдү күнөөлүү деп таап, 10 жылдан жаза берүүнү сураган.

Адвокат жарыш сөзгө даярдануу үчүн эки жолу убакыт сурап, судья аны канааттандырган. Кийинки соттук отурум 8-августка белгиленди.

Нурия Тентешова ким жана кайда экени, анын Камчы Көлбаев менен кандай байланышы бар экени, ага канча мүлк катталганы белгисиз. Сот анын катышуусуз эле өтүп жатат.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен козголгон иш жана Мая Алиевага катталган 13 мүлк боюнча соттук териштирүү уланууда.

Ден соолугуна байланыштуу ал соттук отурумдарга келбегендиктен, соттук териштирүүлөрдүн бири анын үйүндө өткөн. Ал соттук процесс тартылган видео коомчулукта талкуу жараткан.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин ал мыйзамсыз тапкан делген ондогон мүлк, автоунаалар мамлекетке алынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG