Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Ысык-Көлдө майыптыгы бар кызды зордуктоого шектелип эки адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

24 жаштагы майыптыгы бар кызды зордуктоого шектелип, эки адам кармалганын Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы "Азаттыкка" маалымдады. Ага ылайык, Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну жана Түп районунун 36 жаштагы тургуну Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси ("Зордуктоо") менен козголгон кылмыш ишине шек саналууда.

Маалыматка караганда, 2-августта Түп райондук милициясына Каракол шаарынын тургуну кайрылып, 24 жаштагы майыптыгы бар кызын эки адам зордуктаганы тууралуу арызданган. Арыздын негизинде кылмыш иши козголуп, соттук экспертиза дайындалган.

Жабырлануучу кыздын жакындары милиция кылмышка шектүүлөрдүн бирин кармабай жатканына нааразылыгын соцтармактарга жазышты. Алар кыздын 2-топтогу майыптыгы бар экенин, сүйлөй албасын маалымдашкан. Ошондой эле кыз үч сутка бою мал сарайда кармалгып зордукталганын, сабалганын жана буту сынганын жазышкан.

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдар кыйноого арбын дуушар болору айтылып келет. Өткөн жылы Токмокто майыптыгы бар эгиз кыздарды зордуктоого шектелип, бир адам кармалган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин быйыл апрелдеги эсебинде Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын жалпы саны 213 миңден ашат. Анын 37 миңи – 18 жашка чейинки балдар.(ZKo/AsK)

XS
SM
MD
LG