Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

"Весна": Беларуста төрт жылда 50 миңден ашуун киши кармалды


Беларус. Архивдик сүрөт.
Беларус. Архивдик сүрөт.

Беларуста 2020-жылдагы президенттик шайлоодон кийинки жапырт нааразылык акцияларына байланыштуу саясий себептен улам кармалгандар ошондон бери 50 миңден ашканын «Весна» беларус укук коргоо уюму билдирди.

Уюмдун өкүлү, мурдагы саясий туткун Леонид Судаленконун айтымында, бүгүнкү күнгө карата саясий негизде козголгон кылмыш иштери боюнча соттолгондор кеминде 5472 адамды түзөт.

2020-жылы августта Беларуста президенттик шайлоо өткөн. Анда өлкөнү 1994-жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко жеңүүчү деп аталган жана алтынчы мөөнөткө калган. Шайлоо бурмаланганын айткан жарандар нааразылык акциясына чыгып, жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайрадан таза шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Оппозициянын бул акциялары күч менен басылган. Укук коргоочулардын айтымында, кеминде сегиз кишинин өмүрү кыйылган. Бийлик оппоненттерине каршы миңдеген кылмыш ишин козгогон, жүздөгөн киши, арасында оппозиция лидерлери узак мөөнөткө эркинен ажыратылган. Жапырт репрессиядан кийин акциялар токтогон. (RK)

XS
SM
MD
LG