Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Быйыл жарым жылда үч сайт убактылуу жабылды


Кыргызстандагы ЖМКларда иштеген журналисттер. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандагы ЖМКларда иштеген журналисттер. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйылкы алты айда үч сайттын ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу 5-августта маалымат жыйынында журналисттерге билдирди. Анын сөзүнө караганда, быйылкы жарым жылдыкта жалпысынан "Анык эмес, жалган маалыматтан коргоо" мыйзамынын алкагында тогуз арыз каралган. Анын негизинде үч сайттын: www.tribunakg.kg, www.tribunaplus.kg, elpenasa.com веб-сайттарынын ишмердүүлүгүн эки айга бөгөттөө чечими кабыл алынган. Дагы бир сайттын ээси жалган деп табылган маалыматты сайтынан алып салууга макулдук берип, тараптар тынч келишимге жетишкен.

Next TV телеканалына балдар арасында таратууга тыюу салынган контент көрсөткөнү үчүн сот жоопкерчилигине тартылып, Бишкек шаар сотунун чечими менен 25 миң сом айып пул салынган.

5-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйылкы алты айдагы жүргүзгөн иштери тууралуу журналисттерге маалымат берди.

Кыргызстанда “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам 2021-жылы кабыл алынган. Жарандык коом, бир катар эл аралык уюмдар бул документ эркин маалымат каражаттарына каршы гана иштеген мыйзам экенин, сөз эркиндигине коркунуч жаратарын билдирип келишет.

Мыйзам Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жалган маалымат таратты деп табылган сайтты соттун чечимисиз эле эки айга жаап салууга укук берет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG