Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:39

УКМК Ошто маңзат иши боюнча эки милиция кызматкери кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын эки кызматкери кармалганын билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, алар баңги заттарды жарандарга атайын таштап, опузалап каражат талап кылуу менен кылмыштуу схемаларды уюштурганы аныкталган.

“Тактап айтканда, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын айрым кызматкерлери жарандарды коркутуу жолу менен кыздарды мурда аныкталган адамдардын автоунаасына же жеке буюмдарына баңги затын атайын салууга мажбурлашкан. Андан кийин ал адамдарды мыйзамсыз кармап, акча талап кылуу максатында “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасына каттабастан, ар кандай милиция бөлүмдөрүндө убактылуу кармап турушкан”, - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча, Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, милициянын улук ыкчам кызматкери, майор М.Э.А. жана милициянын ыкчам кызматкери, лейтенант Т.И.С. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алар 1-августта Өзгөн районунун аймагында колго түшкөн. Шектүүлөрдү тинтүү учурунда өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат салынган эки таңгак табылып, экспертизага жөнөтүлгөн.

Кармалган милиция кызматкерлеринин жакындары менен адвокаттары окуя тууралуу комментарий бере элек.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, ушул жылдын алгачкы алты айында милиция баңгизатына байланышкан 677 кылмышты аныктап, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 12 тонна 835 кг маңзат алган. Жети жашыруун баңги лаборатория жоюлуп, 57 кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлган.

Мыйзам боюнча маңзат соодасына аралашкандар мүлкүн алып коюу менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат. (BTo)

XS
SM
MD
LG