Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча шайлоодо Айжигит Тыналиевди жана бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоодо Жумабек Салымбековду жеңүүчү деп тапты. Бул тууралуу маалымат БШКнын сайтына жарыяланды.
Тыналиев өз округунда 3 498 добуш алган (16,04%), ал эми Салымбеков өз округунда 10 623 кишинин (64,68%) добушун алган.
30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү.
Ноокат округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы толук чыга элек. Беш талапкердин арызынын негизинде беш шайлоо тилкелеринде добуштарды кайра саноо чечими кабыл алынган.
Боршайкомдун автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча №5 Ноокат округунан талапкер Бакытбек Марипов 11 миң 523 (44.99%) шайлоочунун добушун алып, алдыга чыккан.
Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышты, алардын экөө гана аялдар болду. (ErN)
Дагы караңыз
11 журналисттин иши боюнча соттук кароо уландыБишкектин көчөлөрүнөн 100 жарнама такталары алындыМосквада кармалган кыргызстандык аялдын иши тергелип бүттү Чет элдик экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө паспорт алууга көмөктөшкөн адамдар кармалдыДепутат Чыңгыз Ажибаев күзөтчү менен чырдашканын ырастадыМинистрлик мугалим болууга тыюу салган талаптар тууралуу түшүндүрмө бердиУкраина Часов Ярдагы "Канал" кичи районунан чыгып кеткенин ырастадыАйдос Садыковдун жаназасы Киев облусунда өтөт, сөөгү ошол жерге коюлат