Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:56

Депутат Чыңгыз Ажибаев күзөтчү менен чырдашканын ырастады


Чыңгыз Ажибаев.
Чыңгыз Ажибаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Бишкектеги соода борборлордун биринде күзөтчү менен чырдаша кеткенин ырастады. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, окуя боюнча милицияга арыз берип кайра алганын билдирди. Депутаттын айтымында, окуя мындан 20 күн мурун соода борбордун автоунаа токтотуучу жайынан машине менен чыгып баратканда болгон.

"Ал жерден чыгып бара жаткан кезде күзөт кызматкери унаага жакын туруп алып, жаман сөздөр менен сөгүнгөндөн улам чырдаша кеттик. Унаада кичинекей наристем менен келинчегим бар болчу. Алардын көзүнчө уят сөздөрдү угуп, чыдап отура алган жокмун. Унаадан түшүп, "машинеден ары тур”, - деп түрттүм. Ал дароо белимден кармап, жерге жыгып, бир аз алыша кеттик. Карап тургандар ажыратып коюшту. Мен окуядан кийин милицияга арыз жазганмын", - деп жазды.

Депутат кийин жазган арызынан баш тартып, чырдашкан адам менен элдешкенин кошумчалады.

Ленин райондук ички иштер бөлүмү депутат катышкан чыр боюнча маалымат берди. Милиция кабарлагандай, 21-июнда 102 кызматына соода борборлордун биринин автоунаа токтотуучу жайынын кызматкери менен айдоочунун уруша кеткени жөнүндө маалымат түшкөн.

Бул окуя боюнча Чыңгыз Ажибаев милицияга арыз менен кайрылып, И.Д аттуу адам кол көтөргөнүн билдирген. Кийин арызынан баш тартканына байланыштуу кылмыш иши козголгон эмес.

4-июлда социалдык тармактарда автоунаа токтотуучу жайлардын биринде машинеден түшкөн айдоочу башка бир адам менен мушташа кеткен видео тараган. Алардын бири депутат Чыңгыз Ажибаев экени айтылып, талкууланып жаткан. Ал парламентке №1 Лейлек бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланып келген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG