Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:35

Украина Часов Ярдагы "Канал" кичи районунан чыгып кеткенин ырастады


Часов Ярды орус армиясы тыптыйпыл кылды.
Часов Ярды орус армиясы тыптыйпыл кылды.

Украин аскерлери Донецк облусундагы Часов Яр шаарынын «Канал» деп аталган кичи районунан чыгып кетишкенин бүгүн 4-июлда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы тастыктады.

«Хортица» ыкчам-стратегиялык аскер тобунун өкүлү Назар Волошин ал жакта туруу зарылчылыгы калбаганын, себеби украин аскерлеринин өмүрүнө коркунуч жаратуучу кырдаал түзүлгөнүн, алардын турумдары талкаланганын айтты.

«Командачылык жакшыраак корголгон, даярдалган турумдарга чегинүү чечимин кабыл алды. Бирок душман ал жакта да активдүү чабуулдарын улантууда. Алардын ошол тилкеде бир нече айдан бери аткара албай жаткан максаттары бар чыгар», – деди ал.

3-июлга караган түнү DeepState долбоору Орусия Часов Ярдагы «Канал» кичи районун басып алууга жетишкенин жазган. “Новый” деп да аталган бул район менен шаардын негизги бөлүгүнүн ортосунда “Северский Донец — Донбасс" каналы бар. Азыркы кезде украин аскерлери ошол жерден коргонууда.

Бул кичи район үчүн салгылаш быйыл апрель айында, Орусия Бахмуттун батышы аркылуу алдыга жылганда башталган.

Улуу Британиянын чалгын мекемеси Часов Яр дөбө жерде жайгашкандыктан Орусия үчүн стратегиялык жактан маанилүү экенин, ал эми Украина үчүн Куралдуу күчтөрүнүн логистикалык түйүнү болгондуктан мааниси чоң экенин жакында жазган.

Орусия Украинага кол салганга чейин Часов Ярдын калкы 10 миң адам болчу. Азыр аны орус армиясы тыптыйпыл кылганы кабарланууда. Орус аскерлери он чакырым аралыкта жайгашкан Бахмут калаасын ээлеп алгандан кийин бул шаар фронт тилкесине айланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG