Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:30

Министрлик мугалим болууга тыюу салган талаптар тууралуу түшүндүрмө берди


Сүрөттүн маалыматка тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Сүрөттүн маалыматка тиешеси жок. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Саламаттык сактоо министрлиги жарандардын мугалим болуп иштешине тыюу салган кылмыштардын жана оорулардын тизмеси жөнүндө коомдук талкууга коюлган мыйзам долбооруна түшүндүрмө берди.

Мекеме Билим берүү жана илим министрлигинин өтүнүчү менен учурда менталдык саламаттыктын түрлөрүн аныктоо үчүн түзүлгөн жумушчу топко Республикалык психиатрия жана наркологиялык борборунан психиатр-нарколог бөлүнүп берилгенин билдирди.

Министрлик 2011-жылдагы өкмөттүн токтомуна ылайык жумушка алынарда жана белгиленген убакытта бир катар мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү медициналык кароодон өтүшү керектиги аныкталганын билдирди. Ага жогорку окуу жайлар, жалпы билим берүү мекемелери, мектеп-интернаттар, орто билим берүүчү жайлар, бала бакча, өспүрүмдөрдүн спорттук, саламаттыкты чыңдоо мекемелери жана китепканалардын кызматкерлери кирет.

Милдеттүү медициналык кароо бул – ишке алынарда жана жылына терапевт, дерматологго көрүнүү, флюрографиядан өтүү. Айрым учурда кошумча анализдер тапшырылыш мүмкүн. Мугалимдерден кургак учуктун ачык формалары аныкталган учурда рентгенологиялык текшерүүдөн өткөрүлөт.

Мекеме муну мектепте сабак бергендердин жана окуучулардын саламаттыгын камсыздоо жана коопсуздугун сактоо чарасы катары түшүндүрдү.

Министрлер кабинети Кыргызстанда жарандардын мугалим болуп иштешине тыюу салган кылмыштардын жана оорулардын тизмесин коомдук талкууга койгону белгилүү болгон.

Документке ылайык, оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондор соттуулугу жоюлганына карабай педагогикалык ишмердүүлүк менен алектене албайт. Жалпысынан тизмеде 19 кылмыштын түрү жазылган. Негизинен коомдук тартипке каршы кылмыш жасагандар, жыныстык ыдык көрсөткөндөр, адамдын жеке эркиндигине каршы иш жасагандар жана башкалар.

Өкмөттүн токтом долбоорунда оорунун 32 түрү жазылып, ошол дарт менен жабыркагандарга да мугалим болууга жол берилбей турганы белгиленген. Арасында нерв оорулары, тубаса кемтик, талма (эпилепсия), гипертония, аракечтик, баңгилик, гепатиттин өнөкөт түрлөрү, кургак учуктун ачык формалары, боор, бөйрөк, ревматизм жана башкалар бар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG