Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

11 журналисттин иши боюнча соттук кароо уланды


Махабат Тажибек кызы сотко алып келинген учур. 5-июль, 2024-жыл.
Махабат Тажибек кызы сотко алып келинген учур. 5-июль, 2024-жыл.

5-июлда Бишкектин Ленин райондук сотунда жапырт камалган 11 журналисттин ишин кароо уланды. Отурумда айыпталуучулар, жактоочулар отурумду фото, видеого тартууга кайрадан уруксат сурады. Сот андан баш тартты.

Мындан соң айыпталуучулар көрсөтмө бере баштады. Алгач журналист Махабат Тажибек кызы сүйлөп, Temirov Live каналындагы иликтөөлөргө ички иштер министри Улан Ниязбеков жана депутат Шайырбек Ташиев жөнүндө иликтөөлөргө “Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү маалымат берип жүргөн” деп айтты.

Тажибек кызы өзүнө коюлган айыптар менен макул эместигин кошумчалады.

Кыргызстанда быйыл январь айында кармалган 11 журналистин иши боюнча сот жараяны 7-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда башталган. Сотко судья Кылычбек Истамкулов төрагалык кылууда.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасында иштеген, иликтөө менен алектенген 11 журналисттин үйүндө быйыл 16-январда таң эрте милиция тинтүү жүргүзүп, кармап кеткен. Эртеси Биринчи май райондук сотунун чечими менен баары камакка алынган. Жети киши түрдүү себептер менен үй камагына чыгарылган.

Ушу тапта бул иш боюнча шек саналып кармалгандардын ичинен төртөө: Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, акын Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева тергөө абагында.

Бишкек шаардык соту 4-июлда ал төртөөнүн бөгөт чарасы боюнча адвокаттардын арызын кароодон баш тарткан. Натыйжада алар камакта калды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген. Журналисттер айыптоону четке кагып, бул алардын кесиптик ишмердигине байланыштуу экенин айтып келет.

Иш мурда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна берилип, 10-майда иш Ленин райондук сотуна жиберилген. Адвокаттар ага макул болбой, апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. 28-майда Бишкек шаардык соту арызды карай баштап, бирок прокурордун “токтом даттанууга жатпайт” деген өтүнүчүнүн негизинде кийинкиге калтырган.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (TSh\ErN)

XS
SM
MD
LG