Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Айдос Садыковдун жаназасы Киев облусунда өтөт, сөөгү ошол жерге коюлат


Айдос Садыков.
Айдос Садыков.

Украинада киши колдуу болгон казакстандык оппозиционер активист жана журналист Айдос Садыковдун жаназасы 5-июль, жума күнү Киев облусунун Чайки айылындагы мечитте өтөт, сөөгү ошол жердеги мусулмандар көрүстөнүндө жерге берилет. Бул тууралуу 4-июлда анын жубайы Наталья Садыкова Facebook баракчасына жазды.

Айдос Садыковду 18-июнда Киевде өзү жашаган үйдүн короосунан атып кетишкен. Башынан жараат алган журналист өзүнө келе албай, 13 күндөн кийин көз жумду. Украина бийлиги бул кылмышка шектүү деп казакстандык эки жаранды атаган жана алар Молдова аркылуу чыгып кетишкенин кабарлаган. Казакстан бийлиги шектүүлөрдүн бири өзү казак күч кызматкерлерине барып колго түшкөнүн, бирок аны Киевге өткөрүп бербей турганын билдирген. Экинчи шектүү кармала элек.

Наталья Садыкова күйөөсүнүн өлүмүнө «Токаевдин ыплас режими» күнөөлүү деп айтууда. Токаев эч кандай комментарий бере элек.

Чайки айылында, «Суспiльне Крим» басылмасы жазгандай, 2020-жылы «Бирлик» крым-татар маданий борбору ачылган жана ага караштуу өзүнчө мечит бар. 2022-жылы Орусия кол салганда бул айылда атышуунун айынан чоң өрт болгон.

Казакстанда Садыковду мекенине алып келип жерге берүү зарыл экенин айткандар болгон. Бүгүн 4-июлда активисттердин Алматыда пландалган акциясы өтпөй калды, себеби алар чогула турган бакчаны полиция кызматкерлери курчап турушту.

Садыков Казакстанда 2010-жылдан бери оппозициялык «Азат» партиясынын Актөбө аймактык бөлүмүн жетектеп келген. Ал мурдагы жана азыркы казак бийлигин сындаган материалдарды жарыялап жүрчү. Казак президенти Касым-Жомарт Токаевди орусиячыл саясатчы деп сындаган. Садыков негиздеген YouTube каналдын миллиондон ашуун катталуучусу бар.

Оппозиционер Украинага үй-бүлөсү менен 2014-жылы көчүп барган.

Наталья Садыкова күйөөсүн көз алдында атып кетишкенин айтып, "Ок анын чыкыйына тийген. Тилекке каршы, мээси жабыркаган", - деп билдирген жана кол салууну Садыковдун оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG