Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:32

Чет элдик экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө паспорт алууга көмөктөшкөн адамдар кармалды


Кармалган адамдар жана алар мыйзамсыз даярдаган паспорттор.
Кармалган адамдар жана алар мыйзамсыз даярдаган паспорттор.

Ош облусунун Кара-Суу районунда чет элдик диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө паспорт алууга көмөктөшкөн Б.Г.Ж. жана Б.Д.Г. аттуу эки адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, аталган жарандар атайын уюштурулган мыйзамсыз канал аркылуу радикалдык топторго тиешеси бар чет өлкөлүк жарандарга түрдүү документтерди системалуу түрдө даярдап келишкен. Анын негизинде аларга Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алып берип турушкан.

Кармалган адамдардын жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлүп, анда туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүктөрдүн бланктары, өлгөндүгү тууралуу күбөлүктөрдүн гербдүү мөөрлөрү, Кыргызстандын жана коңшу мамлекеттердин жарандарынын паспорттору алынды.

Мындан тышкары “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун тыюу салынган экстремисттик материалдары жана баракчалары табылды.

Учурда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө органдары паспортторду жана башка документтерди мыйзамсыз алууга көмөктөшкөн башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG