Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:52

Москвада кармалган кыргызстандык аялдын иши тергелип бүттү


Москва шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Москва шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада жердештерин батирине чогуу жашатып алганы үчүн "Мыйзамсыз миграция уюштурууга" айыпталып кармалган кыргызстандык келиндин иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүүгө даярдалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.

Анда айтылгандай, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери Москванын Тушино районунун Тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсүнөн маалымат алышкан.

Бир күн мурун келиндин адвокаты Эрлан Токтосунов кыргызстандык аялдын балдар үйүнө алынган 1,5 жашар баласы туугандарына өткөрүп берилгенин "Азаттыкка" айтып берген.

ТИМ бала келиндин бир тууган сиңдисине берилип, бүгүнкү күндө Кыргызстанга атасына жеткирилгенин маалымдады.

Министрлик Москвада кармалып турган аялдын иши алардын жана элчиликтин көзөмөлүндө экенин кабарлады.

"Азаттык" Москвада полиция кыргызстандык келинди "Мыйзамсыз миграция уюштурууга" айыптап кармап, анын 1,5 жашар наристесин балдар үйүнө алып койгонун 26-июнда жазган.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта 410 миңден ашуун кыргызстандык жаран Орусияда. Министрлик кыргызстандык мигранттардын саны соңку жылы Орусияда, андан кийин Түркияда кыскарганын билдирген.

Орусияда мигранттардын азайышына өлкөдө чет жактан келип иштеген жарандарга карата мыйзамдардын катуулашы негизги себеп болууда.

Орусиядагы мигранттарга мамиле жана эреже, талаптар Украинадагы согуш башталгандан кийин өзгөчө катаалдашты. Кыргызстан менен Орусия бир экономикалык уюмда - ЕАЭБде экенине карабай, кыргыз мигранттары тынымсыз текшерүүлөргө, басым-кысымга кабылганына даттанып келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG