Ош шаарынын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору Golden life (“Золотая жизнь”) аталышындагы суусундуктарды калаадагы соода түйүндөрүнөн сатыктан ала баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматына ылайык, аталган иш-аракеттер Кыргызстандын Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаментинин тиешелүү буйругунун негизинде калктын, айрыкча балдардын ден соолугун коргоо максатында жүргүзүлүүдө.
Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Ооганстандан чыгарылган аталган суусундук “балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизген азорубин – Е 122 боёгун камтыйт” деп табылган.
Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери соода түйүндөрүнүн ээлерине жогорудагы продукцияны сатууга тыюу салуу тууралуу тиешелүү көрсөтмөлөрдү беришти.
Golden life (“Золотая жизнь”) суусундугунун өндүрүүчүлөрү жана импорттоочулары бул боюнча комментарий бере элек.
Ооганстанда өндүрүлгөн Golden life суусундугу рынокто соңку бир-эки жылдан бери гана пайда болду. Аны айрым блогерлер жарнамалап жатышкан. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда суусундуктун зыяндуулугун айткан билдирүүлөр жарыялана баштаган.
Суусундуктун таңгагында ал анардын ширесинен жасалганы жазылган. Азыкты сынга алгандар муну сынга алып, суусундук химиялык кошулмалар жана даам күчөткүчтөр менен жасаларын сындап келишкен. (ErN)
Дагы караңыз
Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери 19-августка чейин камалдыТүркмөнстан менен Иран газ боюнча келишим кабыл алыштыОрусия румын элчилигинин кызматкери өлкөдөн чыгарыларын билдирдиСадыр Жапаров Си Цзинпинди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырдыБаткенде гараждык кооперативдин 3 гектар жери мамлекетке кайтарылдыСелден жабыркаган Ноокатка Өзбекстандан 95 тонна гумжардам келдиБеларуста мунапыс жарыяланды, ага саясий туткундар илине албайтUEFA түркиялык футболисттин жосунун иликтей баштады Хаменеи шайлоого киши аз катышканы элдин бийликке мамилесин чагылдырбай турганын айтты