Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:19

Садыр Жапаров Си Цзинпинди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды


Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин. Астана, Казакстан. 3-июль, 2024-жыл.
Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин. Астана, Казакстан. 3-июль, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров 3-июлда, Казакстандын Астана шаарында Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзинпин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Мамлекет башчылары кыргыз-кытай эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн жана ар кыл чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында Кыргызстан менен Кытай көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүү маселелери, өз ара кызыкчылыктын башка маселелери боюнча бирдей түшүнүккө ээ экендигин канааттануу менен белгиледи. Ал Кыргызстан 2024-2025-жылдары ШКУга өлкөнүн төрагалыгы алкагында Кытай менен тыгыз кызматташууга даяр экенин кошумчалады.

Садыр Жапаров "Бир алкак - бир жол" демилгесинин негизги түзүүчүсү болгон "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун белгилеп, анын өлкөлөр ортосундагы кызматташтыктын жана өнүгүүнүн символу катары маанисин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров быйыл кыргыз-кытай чек арасында жаңы "Бедел" өткөрмө пунктун ачуу жана андан кийин "Барскоон-Үчтурпан-Аксу" автожолунун курулушу боюнча да маселени козгоду. Ал "Бедел" өткөрмө пунктунун ачылышы Кытай өкмөтүнүн 2024-жылга карата планына киргизилгенин, эми кытай тараптын ички процедураларынын аякташы күтүлүп жатканын канааттануу менен белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Си Цзинпинди өзүнө ыңгайлуу учурда Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Си Цзинпин Кытай Кыргызстандын өнүгүшүнө кызыкдар экенин жана жүргүзүлүп жаткан реформаларда өлкөнү колдой турганын билдирди. Ал кытай тарап Кыргызстан менен бардык багыттар боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин айтты.

Кытайдын лидери "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоору тууралуу айтып жатып жакында бул долбоорду биргелешип жылдырууда кызматташуу жөнүндө үч тараптуу өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюу укуктук негиз түзгөнүн белгиледи.

Си Цзинпин да президент Садыр Жапаровду Кытайга ыңгайлуу убакта сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Садыр Жапаров 2023-жылдын май айында Кытайдын Сиан шаарына барып, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн лидерлери менен чогуу Кытайдын төрагасы менен жолугуп келген.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн 3-июлда Казакстанга барды. Жыйын 4-июлда өтөт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG