Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:48

Хаменеи шайлоого киши аз катышканы элдин бийликке мамилесин чагылдырбай турганын айтты


Али Хаменеи.
Али Хаменеи.

Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи өткөн аптада президенттик шайлоонун биринчи турунда добуш берүүгө катышкандар өтө аз болгонуна өкүнүчүн билдирип, бирок мындай жагдай Ислам жумуриятына карата элдин чыныгы мамилесин чагылдырбай турганын айтты.

3-июлдагы комментарийинде ал 5-июлда өтө турган экинчи тур “өтө маанилүү” экенин белгилеп, элди шайлоого активдүү катышууга чакырды.

«Ким исламды, Ислам жумуриятын жана өлкөнүн өнүгүшүн сүйсө, шайлоого катышуусу менен көрсөтүшү керек», - деди бардык мамлекеттик маселелер боюнча акыркы сөз укугуна ээ болгон 85 жаштагы жетекчи.

Хаменеи 28-июндагы добуш берүүгө шайлоочулардын 40 проценти катышканын «күтүлгөндөй болгон жок» деп мүнөздөдү жана «биринчи турда добуш бербегендин баары эле системага каршы адамдар деп эсептөө таптакыр туура эмес» деп кошумчалады.

2001-жылы Хаменеи Батыш өлкөлөрүнүн бириндеги шайлоого катышуу 40 процент болгонун шылдыңдап, “уят болуу” жана “адамдар саясий системага ишенбегенинин, ага кам көрбөгөнүнүн, үмүт артпай турганынын” белгиси деп атаган.

28-июндагы шайлоого төрт талапкер катышкан. Алардын үчөө - парламент төрагасы Мохаммад Багер Галибаф, Улуттук коопсуздук боюнча улук кеңештин мурдагы катчысы Саид Жалили жана мурдагы ички иштер жана юстиция министри Мостафа Пурмохаммади консерваторлор лагеринен чыккан талапкерлер болгон. Реформачыл саясатты карманган жалгыз талапкер 69 жаштагы хирург жана мурдагы саламаттык сактоо министри Масуд Пезешкиян катышкан.

Пезешкиян добуштардын 42,5 процентин, атаандашы Жалили 38,6 процент алган.

Бийликтин сынчылары буга чейинки шайлоолордон майнап чыкпаганын, өзгөрүү болбогонун айтып, шайлоону бойкоттоого чакырышкан.

Бийлик тыкыр көзөмөлдөп жаткан жараянда жеңиш үчүн талапкер жалпы добуштардын 50 проценттен кем эмесин алууга милдеттүү.

Бул шайлоо Иранда жарандардын эркиндиги чектелген, жашоо деңгээли төмөндөгөн, экономикада туруксуздук өкүм сүргөн шартта өтүүдө.

Талапкерлердин ар бири аятолла Али Хаменеиге баш ийген Иран Конституциясынын Сакчылар кеңешинин элегинен өткөндөр.

Иранда мамлекеттик маселелер боюнча акыркы сөз укугуна аятолла гана ээ. Президенттин негизги маселелердин көпчүлүгүнө анчалык таасири жок.

2022-жылы Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр полиция аны катуу сабаганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөй адам өлүм жазасына тартылган.

«Ирандагы адам укуктары боюнча борбор» (CHRI) уюмунун маалыматына караганда, 2023-жылы Иранда 700 адам дарга асылган.

1979-жылы Иранда Ислам ыңкылабы ишке ашкан. Ошол эле жылы «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу» түзүлгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG