Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:33

Беларуста мунапыс жарыяланды, ага саясий туткундар илине албайт


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко “Беларустун немис-фашисттик баскынчылардан бошотулушунун 80 жылдыгына карата мунапыс жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам укуктук ченемдер порталына расмий жарыяланды.

Бир күн мурда Лукашенко саясий туткундар арасынан оор илдетке, айрыкча онкологиялык ооруга чалдыккандарды жакын арада бошотууну көздөп жатканын айткан. Бирок, мыйзамдын текстине караганда, мунапыс ала тургандар арасында саясий туткундар боло албайт.

Мунапыс «экстремисттик ишмердүүлүккө тиешеси бар чет элдиктерге» жана «террордук ишмердүүлүккө тиешеси бар уюмдар жана адамдар» тизмесине киргендерге берилбейт деп чечилди. Беларуста бийликти сындаганы үчүн саясий туткунга айланган адамдардын баары дал ушул тизмеге киргизилген.

Беларустун "Весна" укук коргоо уюмунун 2024-жылдын май айынын соңундагы маалыматына караганда, камакта жаткан саясий туткундардын арасынан кеминде 254 кишинин саламаттыгы кооптуу абалда. Алардын 16сы майып, 91инин абалы оор, 65 кишинин жаш курагы 60тан ашкан жана ден соолугу начар, мындан тышкары 10 адамдын менталдык саламаттыгында маселе бар.

29 жаштагы Павел Кучинскийге дарыгерлер «4-стадиядагы рак» диагнозун койгонуна карабастан аны интернеттеги комментарийи үчүн дээрлик беш жылга шарты катаал колонияга камашкан.

Онкологиялык оорусу бар 61 жаштагы Галина Дербыш 20 жылга эркинен ажыратылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG