Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:40

Илимдер академиясынын мурдагы кызматкери 19-августка чейин камалды


Жоомарт Карабаев.
Жоомарт Карабаев.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, атайын кызмат кармаган Жоомарт Карабаевдин бөгөт чарасын карап, аны 19-августка чейин камакка алды. Бул тууралуу ага укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Маалыматты Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастап, сот мындай чечимди 3-июлда кабыл алганын кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Карабаевди 2-июлда суракка алган соң кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.

Атайын кызмат Жоомарт Карабаевдин иши тууралуу маалымат бере элек.

Жоомарт Карабаев мурдараак Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Ал ошондой эле экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

Адис Фейсбукка бийликти сындаган пикирлерин жазып жаткан. Анын айткандарына бийлик органдары комментарий берген эмес.

Карабаев 1-июлдагы пикиринде жаратылыш кырсыктарына байланыштуу да пикири менен бөлүшүп, Ноокаттагы селден жабыркагандарга жардамды өкмөттүн штабына тапшырбай, элге өз алдынча берүүгө чакырган.

Кыргызстанда буга чейин да социалдык тармактардагы билдирүүлөрү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар болгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG