Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:44

Баткенде гараждык кооперативдин 3 гектар жери мамлекетке кайтарылды


Гараждык кооперативдин жери. УКМК тараткан сүрөт.
Гараждык кооперативдин жери. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жеке менчикке мыйзамсыз берилген мүлктөрдү жана жер тилкелерин аныктоо иштеринин алкагында Баткен облусунун Баткен районундагы гараждык кооперативди мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Маалыматта айтылгандай, А.Б. аттуу жаран жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси болуп туруп, 2005-жылы Самаркандек айыл өкмөтүнүн токтомун жасалма кылып, ушул аймакта жайгашкан 3 гектар гараждык кооперативди жеке менчикке өткөрүп алганы аныкталган.

Текшерүү маалында ишкананын жетекчиси укук белгилөөчү документтерди бурмалоо фактысын мойнуна алып, Самаркандек айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен, имараттары бар, сметалык баасы 32 миллион сомдон ашык болгон жер тилкесин кайра өткөрүп берди.

УКМК соңку үч жылдан бери ондогон мүлктөрдү мамлекетке жана муниципалдык менчикке кайтарды. Анын көбү базарлар, автобекеттер жана жер тилкелери.

Башкы прокуратура да буга чейин өлкөнүн ар кайсы аймактарында мыйзамсыз менчикке чыгарылып кеткен имараттар, жер тилкелери жана башка объектилери мамлекетке кайтарылганы тууралуу маалыматтарды берген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG