Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:16

Түркмөнстан менен Иран газ боюнча келишим кабыл алышты


Келишимге кол коюу иш-чарасы.
Келишимге кол коюу иш-чарасы.

Түркмөнстан менен Иран ортосунда жаратылыш газын экспорттоо тууралуу келишимге кол коюлду. 3-июлда кабыл алынган келишимге ылайык, жылына 10 миллиард куб метр түркмөн жаратылыш газы Иранга, андан ары Иракка жөнөтүлуп турат. Бул тууралуу Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги жарыялады, бирок келишим кайсы суммага жана кандай мөөнөткө түзүлгөнү тууралуу маалымат берген жок.

Ирандык компания эки өлкө ортосуна 125 чакырымдык газ куурун курары, келечекте Иранга экспорттолуучу газдын көлөмү жылына 40 миллиард куб метрге жеткирилери маалымдалды.

Дүйнөдө Иран жаратылыш газ запастарынын көптүгү боюнча экинчи, өндүрүү жагынан үчүнчү орунду ээлеген өлкө. Бирок ички суроо-талаптын өсүшү анын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн кыскартууда. Быйыл кышында Иранда жаратылыш газынын жетишсиздиги байкалды.

Түркмөнстан Иран менен газ багытында бир нече жылдан бери кызматташып келет, бирок көлөмү салыштырмалуу аз болуп, жылына бир нече миллиард куб метрди гана түзүүдө. Жаратылыш газын экспорттоодон түшкөн киреше Түркмөнстандын бюджетинин негизги бөлүгүн түзөт, учурда ал 80 миллиард куб метрге жакын өндүрүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG