Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:38

Орусия румын элчилигинин кызматкери өлкөдөн чыгарыларын билдирди


Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Румыниянын бул өлкөдөгү элчилигинин кызматкерин persona non grata деп жарыялады. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтына жарыяланды.

Элчи Кристиан Истрате министрликке чакыртылганы, ага тийиштүү нота тапшырылганы, дипломат Орусиядан чыгарылары кабарланды.

Мекеме мындай кадамын Орусиянын Румыниядагы элчилигинде иштеген кызматкерлеринин бири persona non grata деп жарыяланганына жооп деп атады. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги румын бийлигинин чечимин «эч нерсе менен негизделбеген» деп атады.

Быйыл май айынын соңунда Румыния орусиялык дипломатты «дипломатиялык мамилелер тууралуу Вена конвенциясынын нормаларына каршы келүүчү аракет жасаганына шектелүүдө» деп билдирген.

Румыниянын күч органдары Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген шек менен жергиликтүү бир тургун кармалганын жарыялаган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, ал 2022-жылдын башынан бери Румыниянын жана НАТОнун Украинага чектеш тилкеде жайгашкан аскердик объектилери боюнча байкоо жүргүзүп жүргөнү аныкталган жана ал чогултулган маалыматынын баарын орусиялык элчиликтин кызматкерине өткөрүп берип турган.

Быйыл апрелде Румыниянын Жогорку улуттук коргонуу кеңеши өлкөгө украин качкыны болумуш эткен орусиялык тыңчылар киргенин билдирген. Алар, мекеменин маалыматына караганда, Украинага берилип жаткан жардам, аскердик машыгуулар, аскерлердин жайгашуусу тууралуу маалымат чогултуп, ошол эле учурда жалган маалымат таратып жүрүшкөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG