Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:01

UEFA түркиялык футболисттин жосунун иликтей баштады


Мерих Демирал
Мерих Демирал

Европа биргелешкен футбол ассоциациясы (UEFA) 2-июлда Түркия-Австрия беттешинде эки гол киргизген, түркиялык Мерих Демиралга "Бозкурт" кыймылынын символикалык ишаратын көрсөткөнү үчүн иликтөө баштады. Бул тууралуу The Sun басылмасы шаршембиде маалымат таратты.

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатынын беттешинде түрк тарап 2-1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан. Оюнда Демирал экинчи жолу гол киргизгенден кийин Түркиядагы "Бозкурт" кыймылы менен байланыштырылган "көк карышкыр" символун эки колу менен көрсөткөн.

Германиянын ички иштер министри Ненси Фазер өзүнүн X баракчасында: "Стадиондорубузда түрк ашынган оңчулдардын белгилерине орун жок, Европа футбол чемпионатын расизм үчүн аянтча катары колдонуу кабыл алынгыс. Биз УЕФАдан окуяны иликтеп, катаал чараларды карап чыгышын күтөбүз", - деп жазды.

Расмий Анкара муну айыптады.

"Мерих Демиралга карата дисциплинардык иликтөө кабыл алынгыс" деп жазды Тышкы иштер министрлиги Х баракчасына.

Ал эми Мерих Демирал түрк телеканалдарына берген маегинде, беттеште эмоцияга алдырганын, эч кандай чакырык жасабаганын айтты.

Белгилей кетсек, "бозкурт саламы" катары белгилүү болгон, кол менен көрсөтүлгөн ишарат Австрияда 2019-жылы "экстремизм жана саясий ислам менен күрөшүү" деген жүйө менен тыюу салынган.

"Бозкурттар" менен Түркиядагы Улуттук элдик партиясынын (MHP) байланышы бар. Аталган партия президент Режеп Тайып Эрдогандын партиясынын саясий өнөктөшү. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG