Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 24-июндагы жыйынында “Бишкек” эркин экономикалык аймагында (“Бишкек” СЭЗ) компанияларга чет өлкөгө экспорт кылуу үчүн электрондук тамекилерди өндүрүүгө уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоору талаш жаратты.
Документтин авторлорунун бири, депутат Марлен Маматалиев мыйзамда эркин экономикалык аймакта 2000-жылга чейин катталган гана ишканалар иштей алат деген талап жазылганын, ушундан улам башка компанияларга да шарт түзүү керек экенин айтты.
Бирок депутаттар Дастан Бекешев менен Элвира Сурабалдиева мыйзамдын негизги өзөгү аталган аймакта электрондук тамекилерди өндүрүүгө уруксат берүү сунушу болуп жатканын айтышты. Сурабалдиева ушул тапта Кыргызстанда электрондук тамекилерге тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоору сунушталып, ал парламенттен колдоо табуу алдында турганын эске салды.
“Биз Кыргызстанда электрондук тамекилерди колдонууга тыюу салып жатабыз. Бирок экинчи жагынан башка бир компанияга бизнес кылууга шарт түзүп берүүдөбүз. Биз балдардын ден соолугун ойлоп атабыз. Эмне Кыргызстандагы балдар жакшы да, Казакстан же Өзбекстандагы балдар жаманбы?”, - деди ал.
Мыйзам долбоору кабыл алынса “Бишкек” эркин экономикалык аймагында эки ишкана электрондук тамекилерди чыгарып баштай турганы кабарланды. Бирок алардын аты айтылган жок. Документти өкмөт колдой турганы белгилүү болду.
Жыйынтыгында долбоор Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде дароо экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты.
Парламенттин Социалдык саясат боюнча комитети ушул эле күнү өлкө аймагында электрондук чылым колдонууга, сатууга жана алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи, үчүнчү окууда кабыл алды. Документти депутаттар Шаирбек Ташиев, Алишер Козуев, Бекмурза Эргешов, Айбек Маткеримов, Марлен Маматалиев, Аида Исатбек кызы сунуштаган. (BTo)
Дагы караңыз
Араванда Украинадагы согушка катышкан деп шек саналган адам беш жылга соттолдуДагестандагы кол салуудан кийин "Единая Россиянын" жергиликтүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталатКрымда ракета чабуулунан жабыркагандар 151ге жеттиАжылыкка баргандар арасынан каза болгондор 1300дөн аштыАзербайжанда куралчан кишини кармоо учурунда үч полиция кызматкери каза таптыМектептерде уюлдук телефон колдонууга чектөө киргизилетНетаньяху Рафахтагы операция аяктап баратканын айттыЧалдыбардагы жатак мектептин маселеси парламентте дагы көтөрүлдү