Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

25-июндан тартып Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат.

Юстиция министрлигинин маалыматында мындай чара рынокту жасалма телефондордон коргоо, телефондордун уурдалышын жана телефон алдамчылыгын азайтуу максатында жүргүзүлүп жатканы кабарланган. 25-июндан тартып мобилдик телефондор Мамлекеттик идентификация системасында катталыщы керек. Катталбаган телефондор өлкөнүн бир да мобилдик операторунун байланыш кызматынан пайдалана албайт.

"Мамлекеттик идентификациялык система өлкөгө аткезчилик жол менен, жасалма телефондордун киргизилишин алдын алат. Сатыкка мыйзамдуу алып келинген, пайдаланууга коопсуз жана IMEI-коду менен катталган телефондор гана чыгарылат", - деп жазылган маалыматта.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык жарандар пайдаланып жүргөн телефондор системага акысыз түрдө катталат.

Чет өлкөдөн сатылып алынган кол телефондорду ээлери www.imei.kg. сайтында катташы керек. 25-июндан тартып, эки ай ичинде жарандар эки телефонго чейин акысыз каттай алышат.

Кол телефондун IMEI-коду катталганын *#06# санын терип билүүгө болот. Телефондун IMEI-коду анын кутусунда, корпусунда жана аккумулятордо көрсөтүлөт.

Кыргызстанда колдонуудагы мобилдик телефондордун саны тууралуу статистика жок. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG